Орхан Инандыны таап берем деп унаа менен акча алган УКМКнын «жалган кызматкери» кармалды

Ири көлөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2-июнда Түркиянын жараны милицияга арыз менен кайрылды. Анын айтымында, белгисиз адам өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууга жардам берем деп убада кылып, «Субару Импреза» үлгүсүндөгү автоунааны жана 50 миң доллар алган. Бул факты Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) менен катталган. Арызды алгандан кийин «Кармоо» планы жарыяланды. Бишкек ШИИБдин жана Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматкерлери алдамчынын изине түшүп, милициянын кайгуул кызматкерлери шектүүнү кармады. Шектүүнүн 1994-жылы туулган Ош облусунун тургуну, мурда соттолгону жана убактылуу эч жерде иштебей турганы аныкталды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тинтүү учурунда «Субару» унаасы жана 50 миң доллар, ошондой эле 6 огу менен «МПР» үлгүсүндөгү травматикалык тапанча жана шектүүнүн үйүнөн 12 патрон табылды. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды кылмыштын бетин ачууга көмөктөшүүнү каалагандарга өзгөчө көңүл бурууга чакырат.