Орхан Инандынын жоголушу боюнча Интерполдон жооп келдиби? ИИМдин жообу

epa04703664 Security cameras pictured against the Interpol logo on the Interpol Global Complex for Innovation building (IGCI) in Singapore, 14 April 2015. Interpol's first digital crime centre was officially opened in Singapore on 13 April 2015. Complementing its headquarters in Lyon, the Interpol Global Complex for Innovation (ICGI) will support international policing efforts against cybercrime, as well as research and capacity building in online security. EPA/WALLACE WOON

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында «Сапат» лицейинин президенти Орхан Инандыны издөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат.

Депутат Бурун Аманова орун басардан Интерполго кайрылдык деген маалыматтын чын-бышыгын тактады. «Ошол чынбы? Кайрылсаңар кандай жооп келди?» — деди ал.

«Интерполго анын жоголгондугу боюнча кайрылганбыз. Интерполдун бардык мамлекеттерине биздин багыттамалар жөнөтүлүп, жооптор келип жатат. Мисалы, Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Испания, Румыния, Ооганстандан жооптор келди. 1-июндан баштап, бул мамлекеттердин чек арасынан өткөн эмес«, — деди ал.

Депутат: Биздин чек арадан да өткөн эмес ээ?

ИИМдин өкүлү: Өткөн эмес.

Депутат: Алып чыгып кеткен, анан артынан учак келген деген маалыматтар чыгып жатпады беле?

ИИМдин өкүлү: Андай маалыматтар тактала элек, жумуштар уланып жатат. 

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.