Орхан Инандынын жубайы: «Мага жеткен маалыматтар боюнча, жолдошум Түркия элчилигинде кармалып турат экен»

Мага жеткен маалыматтар боюнча, менин жолдошум Орхан Инанды Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде кармалып турат экен жана андан Кыргыз жарандыгынан баш тартууну талап кылып жатышыптыр. Бул тууралуу Инандынын жубайы Рейхан айым СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Мага жеткен маалыматтар боюнча, менин жолдошум Орхан Инанды Түркия элчилигинде кармалып турат экен. Бүгүн-эртең аны кыйнап, Кыргыз жарандыгынан чыгаруу боюнча арыз жаздырып, Түркияга алып кетишет экен. Муну жалган дейин десем, дүйнөнүн булуң бурчунда «Сапатта» иштегендерди террорист деп Түркияга алып кетип жатат. Бул тууралуу Интернеттен деле окусаңыздар болот. Урматтуу кыргыз элим, Орхан Инанды Кыргыз жараны, жүрөгү Кыргызстан деп согот. Өзүбүздүн жаранды алып калууга жардам бериңиздер«, — деди ал. Ал мындан тышкары, президент Садыр Жапаровго кайрылып, жолдошун сактап калууга жардам берүүнү суранды.

Бул боюнча Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине байланышканыбызда азырынча комментарий бере албай турушканын, иш жумасы башталган дүйшөмбү күнү байланышуубузду айтышты.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.