Дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандынын жубайы: “85 жаштагы кайненем уулунун жоголгонун уга элек”

Бүгүн, 3-июнда дайынсыз жоголгон «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды маалымат жыйын өткөрүп, президенттен жана укук коргоо органдарынан жолдошун издеп табуу иштерин тездетүүнү суранды. Ал күйөөсү Кыргыз жараны экенин белгилеп, Орхан Инандыны издөөнү өз көзөмөлүнө алган президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан — биздин мекенибиз. Жолдошум Кыргызстанды аябай жакшы көрөт. Аны тааныгандар муну жакшы билет. Президенттен, Кыргызстандын жетекчилеринен Орханды таап берүүсүн суранам! Аны күткөн көп киши бар», — деди Рейхан Инанды.

Анын айтымында, Орхан Инандынын жан сакчысы болгон. Бирок ал аны күндүз гана кайтарган. Жоголгон күнү жан сакчысы жанында болгон эмес. «Кечки маалда жан сакчысын көп колдончу эмес. Ал өзүн Кыргызстанда коопсуз сезгендиктен аны керектүү деп эсептечү эмес. Мен да коркпойм. Жолдошум 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатканына карабай, өзүмдү Кыргызстанда коопсуз сезем», — дейт жубайы.

Рейхан Инандынын айтымында, Орхан Инандынын 85 жаштагы апасы бар. Азырынча ага уулунун жоголгону тууралуу айтыла элек.

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткенден бери анын дайыны белгисиз.