Фарид Ниязов, Бусурманкул Табалдиев жана Эрнис Апилов Орхан Инанды баштаган 11 түркиялык жаранга мыйзамсыз паспорт берүү иши боюнча акталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын реабилитацияга укугу бар. Алар кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.
Паспорттор берилген учурда Ниязов президенттик аппараттын башчысы, Табалдиев УКМКнын төрагасы, ал эми Апилов президенттин алдындагы жарандык берүү боюнча комиссиянын катчысы болуп иштеп турган.
- 1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салган.
-
Бишкек ШИИБ 2021-жылдын сентябрында маалымдагандай, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 319 (коррупция) беренелери боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн. Анда Кыргызстандын паспортторун түрк жараны Орхан Инандага жана он түрк жаранына мыйзамсыз бергени маалымдалган.