Орхан Инандынын паспорту. Фарид Ниязов, Бусурманкул Табалдиев жана Эрнис Апилов мыйзамсыз паспорт берүү иши боюнча акталды

Фарид Ниязов, Бусурманкул Табалдиев жана Эрнис Апилов Орхан Инанды баштаган 11 түркиялык жаранга мыйзамсыз паспорт берүү иши боюнча акталды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын реабилитацияга укугу бар. Алар кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Паспорттор берилген учурда Ниязов президенттик аппараттын башчысы, Табалдиев УКМКнын төрагасы, ал эми Апилов президенттин алдындагы жарандык берүү боюнча комиссиянын катчысы болуп иштеп турган.