Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында көрүстөндө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде өзү көзөмөлдөп, жалындын жайылуу коркунучуна каршы аракеттерди көрүү ишин башкарууда. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 11:20дан тарта ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 8 куткаруучу жана штаб тартылган. Учурда өрт өчүрүү иштери жүрүүдө.