Орозайым Нарматова ачкачылыгын токтотту

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда экс-депутат Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы каралып, буга чейинки чыккан райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калды. Тагыраагы ал кийинки жылдын 20-февралына чейин СИЗО-1де кармалат.

Соттук отурумда Орозайым Нарматова ачкачылыгын токтотконун билдирди. Ал кечээ, 27-декабрда эс-учун жоготуп жыгылганынан улам соттук отурум жылдырылган болчу.