Орозайым Нарматова Бекзат Өмүрбековдун үстүнөн арыз жазганын айтты

Экс-депутат Орозайым Нарматова алдамчылыкка шектелип кармалган Бекзат Өмүрбековдун үстүнөн арыз жазды. Бул тууралуу жаш саясатчы соцтармактагы баракчасына жазды.

«Арызды жазып, каттатып кайттык. Мамлекеттик мекемелер тейлөөнү оңдоп, кабак-кашын үйүнө таштап келсе, дурус болмок», — деп жазды ал.