Орозайым Нарматова: «Ошончолук эле мамлекетке зыян келтирип жатсак, Ак Үйдүн алдында дарга асып койгула»

«Мага байлык же бийлик керек болсо, Садыр Жапаровдун жанында кошомат кылып отурмакмын». Бул тууралуу тергөө абагында жаткан мурдагы депутат Орозайым Нарматова бөгөт чарасын карап жаткан соттук отурумда айтты.

«Тилекке каршы Садыр Жапаровдун, Кумтөрдүн, эл-жердин келечеги үчүн жүргөндөр кармалып жатат. Мен чындыкты айтканым үчүн ушул жерде отурам. Камак менен коркутат эле, камагы деле коркунучтуу эмес экен. Бир бөлмөдө жатат экенсиң, эл-журт мына сиздер багып жатасыңар. Күндө тамак-аш киргизип жатасыңар. Ошончолук эле мамлекетке зыян келтирип жатсак, Ак Үйдүн алдында дарга асып койгула. Камактан корксок, чындыкты айтпайт элек. Чындык бирөө, ал элге таандык», — деди ал.