Орозайым Нарматованын сот залында эсин жоготуп, жыгылгандагы видеосу

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын кароо уланууда. Журналисттер Орозайым Нарматованын сот залында эсин жоготуп, жыгылганын айтып чыгышкан. Учурда социалдык тармактарда анын эсин жоготуп, кулагандагы видеосу жарыяланды.

Буга чейин ачкачылык жарыялаган экс-депутат Орозайым Нарматованын баса албай калганы маалымдалган.