Орозайым Нарматованын сот залында эсин жоготуп, жыгылганы айтылды

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бөгөт чарасын кароо уланууда. Журналисттер билдиргендей, Орозайым Нарматова сот залынан эсин жоготуп, жыгылды. Ошондой эле сот залына адамдардын батпай калганы да маалымдалды.

Буга чейин ачкачылык жарыялаган экс-депутат Орозайым Нарматованын баса албай калганы маалымдалган.