«Өрт кондиционерден чыгышы мүмкүн». Милиция Таш-Көмүрдө бир үй-бүлөдөн 4 киши көз жумган кырсык боюнча маалымат берди

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Таш-Көмүрдө үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болгонун билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден кырсык тууралуу маалымат беришти.

Таш-Көмүр ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн «102» кызматына милициянын аймактык тескөөчүсү кабар берген. Анда 11-август күнү саат 18:00 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Панфилов көчөсүндө үй өрттөнүп жатканы айтылган.

Аталган факты боюнча Таш-Көмүр ШИИБдин жетекчилиги жана Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышкан учурда, ӨКМ кызматкерлери барып, өрттү өчүрүү үчүн чараларды көрүп жатышкан. Бул факты боюнча топтолгон материал Таш-Көмүр ШИИБге 11-август күнү “өрт кырсыгы” менен катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө өрт кырсыгы болгон үйдө, Таш-Көмүр шаары Панфилов көчөсүнүн тургуну 1961-жылы туулган М.Н. жана неберелери 2015-жылы туулган Б.А., 2014-жылы туулган Э.А., 2018-жылы туулган А.А. бөлмөлөрүндө уктап калып, каза болгондугу аныкталып, жансыз денелерди күйгөн абалда үйдөн алып чыгышкан.

Ал эми өрт саат 21:30да өчүрүлүп, жансыз денелерине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген.

Азыркы учурда өрт кырсыгынан каза болгон адамдардын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык жана өрт кырсыгы эмне себептен келип чыккандыгын аныктоо үчүн өрт техникалык эспертизалар дайындалып текшерүү иштери жүргүзүүлүдө. Өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери болжолдуу түрдө үйдүн ичине орнотулган кондиционердин иштеп жаткандыгынан улам келип чыгуусу мүмкүн деп айтылууда.