Бишкектин Кулиев көчөсүндө жайгашкан «Империя Пиццы» тамактануучу жайына жакын жерден чыккан өрт саат 14:40та чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча кафенин жанындагы ширетүүчү иштеринде өрт коопсуздугу сакталбагандыгынан улам өрт кырсыгы келип чыккан.