Орто-Арыктагы тоодон чыккан ири өрттү өчүрүү иштери бүгүн да улантылат

Кечээ, 10-август күнү Чүй облусунун Панфилов районунда тоодогу өрттү өчүрүү иши кеч киргендигине жана тоонун боорунан таштар кулап, кооптуу болгондугуна байланыштуу саат 21:45те токтотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен өрттү ооздуктоо жана өчүрүү иштери 9-августтан бери жүрүүдө. Өрттү өчүрүүгө Мамлекеттик аңчылык чарбасынан 4 кызматкер, айыл аймактан 2 кызматкер, жалпы 6 адам жеринде нөөмөттө калган. Өрттүн болжолдуу аянты 100 гектарды түздү. Бүгүн, 11-август күнү да өчүрүү иштери улантылат.