Орто-Сай айылында жаңы курулуп жаткан үйдөн өрт чыкты

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылында жаңы курулуп жаткан үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Көп кабаттуу жаңы курулуп жаткан үйдүн 11-12-кабатында 750 чарчы метр жыгач тирөөч жана курулуш материалдары өрттөнгөн. Бишкек шаардык ӨКБ бөлүмдөрүнөн 6 бөлүм тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.