«Орто-Сай» базарын көзөмөл кылган салыкчы кармалды. Ал соодагерлерден акча чогултууга шектелүүдө

Буга чейин “Орто-Сай” базарын көзөмөл кылган Салык кызматынын дагы бир кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн фактылар аныкталган. Салык кызматынын Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды. Салык кызматынын кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

13-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде Салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.