Орто-Токой суу сактагычынын жанынан курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

24-март күнү Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Аталган жайдан:
— 2 кырдуу жылмакай курал;
— 1 жылмакай аңчылык куралы;
— 1 майда калибрлүү мылтык,
— 1 “Сайга-410” карабини;
— 59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.
Табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн. Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.