Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз алтын чайкалган. Кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну мыйзам талаптарын бузуп, Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде жердин үстүңкү катмарын бузуп, алтын чайкоо жумуштарын жүргүзгɵндүгү аныкталган.

Өз кезегинде Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери аталган аймакта жарандын алтын казууга уруксат кагаздары жок экенин билип туруп, 12 миң 384 чарчы метр жердин үстүнкү катмарын бузууга алып келген фактыны жашырышкан.

Натыйжада, мамлекетке жалпы 2 миллион 853 миң 273 сомдук зыян келтирилген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.