Оштун 33 жаштагы тургуну 24 жаштагы жубайын өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агентттигине Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 4-октябрда болгон. Күйөөсү кыздын атасыныкына барып, бычак сайып, мууздап салган. «Шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Издөө иштери жүрүп жатат. Аялы экөө жашабай, жаңжал чыга бергенинен аялы атасынын үйүнө келе берген экен. Ортодо 2 баласы болгон», — дешти шаардык милициядан.