«Ортодо 2 баласы бар болчу». Ошто күйөөсү аялын кайнатасынын үйүндө бычактап салган

Оштун 33 жаштагы тургуну 24 жаштагы жубайын өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агентттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 4-октябрда болгон. Күйөөсү кыздын атасыныкына барып, бычак сайып, мууздап салган. «Шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Издөө иштери жүрүп жатат. Аялы экөө жашабай, жаңжал чыга бергенинен аялы атасынын үйүнө келе берген экен. Ортодо 2 баласы болгон», — дешти шаардык милициядан.