Орусияда 11 жаштагы кыз мектепти өрттөп жиберген (видео)

Орусиянын Волгоград шаарында 11 жаштагы кыз №92 мектепте өрт чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, өспүрүм кыз мектептин айланасында курбусу менен сейилдеп жүргөн. Ал кагазды күйгүзүп, мектептин эшигинин алдынан киргизип ийген. Кесепетинен өрт чыккан. Учурда келтирилген чыгым такталып жатат. Өрт өчүрүүлөр тарабынан өрт өчүрүлгөн. Эч ким жабыркаган эмес.

Полиция өрт чыгарган кыздын ата-энеси келтирилген зыяндын ордун толтурууга тийиш экенин кошумчалады.