Орусияда 17 жаштагы кызды унаа сүзүп кеткен. Ал комада жатат

Санкт-Петербургда 17 жаштагы кыргызстандык студент кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин облустук башкы башкармалыгы билдирди.

Кыз оор абалда ооруканага жеткирилип, комага жаткырылган. Шаардын Борбордук кичи районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочуга милиция кылмыш ишин козгоду.

2024-жылы эле айдоочу беш жолу жол эрежесин бузганы үчүн айып пул алганы аныкталган. Окуя болгон жерде Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери 65 жаштагы айдоочу Шкода Рапид үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан 17 жаштагы кызды сүзүп кеткендигин аныкташкан.