Орусиянын Люберцы шаарында 17-кабаттан кулаган 23 жаштагы кыз менен 26 жаштагы жигит аман калды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 27-февралга караган түнү болгон. Эки Кыргыз жараны достору менен эс алып жаткан учурда уруша кетишкен. Кыз терезени ачып, секирүүгө аракет кылганда, жигит аны токтотом деп, экөө тең 17-кабаттан кулаган. Бийиктикке карабай, экөө аман калышкан, бирок ооруканага оор абалда жеткирилген.