Орусияда 2 жигит кыз менен жолуккан соң, жагымсыз окуяга туш болгон. Кылмыштын чоо-жайы

Москвада адам уурдоо жана опузалап акча талап кылууга шектелген топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул кылмыштын жабырлануучулары Кыргыз жарандары. 2023-жылдын ноябрь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө мекендештерден кайрылуу келип түшкөн. Кыргызстандын 23 жана 22 жаштагы эки жараны белгисиз адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тартканын маалымдашкан.

Бул маалыматты текшерүү жана тактоо учурунда 2 жигитке Камила (аты өзгөртүлдү) аттуу таанышы чалып, жолугушууну сунуштаганы аныкталган. Бирок аны менен жолуккандан кийин жагымсыз окуяга дуушар болушканын айтышкан. Алгач кыз 23 жаштагы жигитке телефон чалып, шылтоо менен Москва метрополитенинин “Таганск” станциясынын жанында жолугушууну сунуштаган. Ал макул болуп, жолугушууга барып кофе ичүүчү жайга киришкен. Бирок бир аздан кийин жигитке 30 жаштардагы бейтааныш адам келип, көчөгө чакырган. Жабырлануучу көчөгө чыкканда, топтолуп турган 5 бейтааныш адам өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, аны кофе ичүүчү жайдан алып кетишкен. Андан ары алар жигитти түшүнүксүз айыптап, уруп сабап уюлдук телефонун тартып алып, БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаага отургузушкан. Ошол учурда алар алдап полиция бөлүмүнө бара жатышканын айтышкан.

Бир нече сааттан кийин Камила аттуу кыз башка 22 жаштагы жаранга телефон чалып, «досуңа жардам көрсөтүш керек» деген шылтоосу менен Москванын метрополитенинин “Тургенев” станциясынын жанында жолугушууну сунуштаган. Бирок бул жерге дагы өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар келип, полиция бөлүмүнө жеткиребиз деп алдап Мерседес-Бенц Е200 үлгүсүндөгү унаага отурургузуп башка жакка алып кетишкен.

Маалыматтарга караганда, эки жабырлануучу жигитти белгисиз батирге алып келишип (тергөөнүн жүрүшүндө бул дарек билинген — Москва шаары, Александр Монахов көчөсү), ар кандай бөлмөлөргө жайгаштырышкан. Аларга физикалык зомбулук көрсөтүү менен уруп-согуп, психологиялык кысым көрсөтүп, курал менен коркутуу (тапанча жана бычак) аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылышкан. Шектүүлөр алардын ар биринен 1 миллион рубль өлчөмүндө акча берүүнү талап кылышкан.

Эртеси эртең менен эркине каршы мыйзамсыз кармалган жигиттердин бири кое беришип, керектүү сумманы которуп беришин талап кылышкан. Шектүүлөр акча түшкөнгө чейин батирде экинчи жигитти кармап турушкан. 188 миң рубль өлчөмүндө акча которулуп, андан кийин гана мыйзамсыз кармалган жаранды кое беришип, калган 182 миң рублди которууну милдеттентиришкен. Алынган маалыматтарга караганда, бул адамдар берки жигиттерди кыздын компроматтык сүрөттөрүн тараттыңар деп шылтоо кылып коркутушкан. Аталаган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам уурдоо), 163-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

27-февраль күнү Орусиянын ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте бул кылмыштуу топтун катышуучуларын кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси өткөрүлгөн. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча кылмышка шектүү катары беш адам кармалган. Алардын ичинен Орусиянын жарандары болгон 28 жаштан 37 жашка чейинки төрт эркек кармалды, бири Ош облусунун тургуну болот. Аталган кылмыштарга түз тиешеси бар Кыргызстандын жыйырма жаштагы жараны (аял киши) да кармалган.