Орусияда 2 кыргыз жигит бычакталган. 17 жаштагы жигит көз жумду

Москвада Кыргыз жарандары бычакталып, бири каза болгон. Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-мартта таңкы саат 04:10 чамасында полиция бөлүмүнүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, эки Кыргыз жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун 2005-жылы туулган тургуну дарыгерлер баргыча эле каза болгону аныкталгнан. Ал эми экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2004-жылы туулган тургуну ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылган. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары. Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.