Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, 25-апрелде 65 жаштагы айдоочу Toyota Succeed унаасы менен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2004-жылы туулган 2 кыргызстандыкты сүзүп кеткен.
«Кыргызстандын Владивостоктогу элчилигинин кеңсеси укук коргоо органдары менен байланышып, окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат. Окуяны объективдүү иликтөө жана жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен орус тарапка кайрылуу жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.