Орусияда 21 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталды. Кылмышка Өзбек жараны шектелип жатат

Орусиянын Ногинск аймагындагы мейманканалардын биринде 21 жаштагы кыргызстандык кыз зордукталды. Бул тууралуу «МК» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жабырлануучу да, кылмышка шектүү да мейманкананын жумушчулары. Окуя мындан эки күн мурда болгон. 21 жаштагы Өзбекстандын жараны эшикти ичинен жаап, кесиптешин зордуктаган. Кыз дароо милицияга кайрылып, кылмышка шектүү адам кармалган. Кылмыш иши козголду.