Екатеринбургда ыкчам кызматкерлер Түркмөнстандан келген 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аймактык онлайн порталы E1.RU 12-февралда жарыялады.
Укук коргоо органдарындагы булактар билдиргендей, мууздалган кыздын денеси өткөн жумада Степан Разин көчөсүндөгү батирден табылган. Бир нече күндөн кийин эле кызматкерлер шектүүнүн изине түшкөн.
Кармоо операциясы 11-февралда болгон. Шектүү ижарага алынган батирге жашырынууга аракет кылган.
“Ал эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтты. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ал башка кылмыштар боюнча да текшерилет”,— деп портал өз булагына шилтеме берүү менен жазды.
Маалым болгондой, түркмөнстандык жаш кызды өлтүрүүгө шектелип анын таанышы — мурда баңгизат сактагандыгы үчүн соттолгон Кыргызстандын жараны кармалган. Ага карата адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.