Орусияда 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип Кыргызстандын жараны кармалды

Екатеринбургда ыкчам кызматкерлер Түркмөнстандан келген 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аймактык онлайн порталы E1.RU 12-февралда жарыялады.

Укук коргоо органдарындагы булактар билдиргендей, мууздалган кыздын денеси өткөн жумада Степан Разин көчөсүндөгү батирден табылган.  Бир нече күндөн кийин эле кызматкерлер шектүүнүн изине түшкөн.

Кармоо операциясы 11-февралда болгон. Шектүү ижарага алынган батирге жашырынууга аракет кылган.

“Ал эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтты. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ал башка кылмыштар боюнча да текшерилет”,— деп портал өз булагына шилтеме берүү менен жазды.

Маалым болгондой, түркмөнстандык жаш кызды өлтүрүүгө шектелип анын таанышы — мурда баңгизат сактагандыгы үчүн соттолгон Кыргызстандын жараны кармалган. Ага карата адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.