Орусияда 28 жаштагы кыргызстандык 2 жылга эркинен ажыратылды

Мурманск шаарынын Биринчи Май райондук соту Кыргызстандын 28 жаштагы жаранын алдын ала макулдашуу боюнча чет элдиктердин Орусияда мыйзамсыз жүрүүсүн уюштуруу боюнча күнөөлүү деп тапты.

ЖМКлар Федералдык коопсуздук кызматына шилтеме берүү менен билдиргендей, кыргызстандык жаран Мурманск облусунун аймагында чет элдиктерге өлкөдө жүрүүгө мыйзамдуу уруксат берүүчү жасалма эмгек келишимдерин түзүп берген. Айыптоочу тараптын айтымында, жигит кызматы үчүн 7 миңден 15 миң рублга чейин акча алып турган.

Жаш жигит эки жылга эркинен ажыратылды. Өкүм чыккан күндөн баштап күчүнө кирди.