Орусияда оор жүк ташуучу айдаган 29 жаштагы Кыргыз жараны мотоцикл айдоочусун сүзүп алды

Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу 62INFO.ru билдирди.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы тургун Suzuki мотоциклин айдап бара жатып, солго бурулуу учурунда жүк ташуучу унаага жол бошоткон эмес. Кагылышуунун натыйжасында, мотоцикл айдоочусу ошол жерден көз жумган. Оор жүк ташуучу унааны 29 жаштагы кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.