Орусияда 5-кабаттан кулап кеткен кыргызстандык окуучу кызга операция жасалат

Санкт-Петербургда бешинчи кабаттан кулап, ооруканада жаткан кыргызстандык 10 жаштагы кыздын абалы оор, жакында операция жасалат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

«Ар кыл жеринен жаракат алган кызды дароо Санкт-Петербургдагы Раухфус атындагы балдардын шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткиришкен. Жакында анын жабыркаган органдарына операция жасоо пландалууда, мунун натыйжасына жасалма дем алдыруучу аппараттан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштайт», — деп айтылган маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын көзөмөлүндө экендигин билдиришкен.