Орусияда айдоочу эки кыргызстандыкты сүзүп кетип, алардын бири каза болгону маалымдалды

Орусиянын Ленинград облусунун Всеволожский районунда айдоочу эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти — экөө тең Кыргызстандын жараны. Кырсыктын кесепетинен алардын бири ошол жерден каза болсо, экинчиси ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга караганда, кырсык 2-августта катталган. «Бүгүн саат 21:00дөр чамасында Санкт-Петербург — Запорожье — Приозерск унаа жолунда Всеволожск районунда Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын 67 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган (өзүнүн айтымында, эсин жоготкон) жана жолдон өтүп бара жаткан 23 жаштагы эки жигитти сүзүп кеткен», — деп айтылат Telegram каналда.

Андан соң унаа оодарылып, жөө адамдар басуучу жолго чыгып кеткенден кийин күйүп кеткен. Жөө жүргүнчүлөрдүн бири алган жараатынан окуя болгон жерде каза болсо, экинчиси оор абалда медициналык мекемеге жеткирилген.

Фонтанка басылмасынын маалыматы боюнча жөө жүргүнчүлөр Кыргыз Республикасынын жарандары. Укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп, окуянын бардык жагдайларын такташууда.