Орусияда аял киши күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн. Алар кыргызстандыктар болушу мүмкүн

Эс-учун жоготкон аялдын канга боёлуп жатканын көрсөткөн үрөй учурган видео black_list.kg Телеграм каналында пайда болду. Артында ыйлап жаткан кыз эки эркектин аялдан качуусун, кетпей туруусун талап кылып, полиция келе жатканын айтат. 

Видеого жазылган маалымат боюнча, 2-августта Москванын жанындагы Дмитров шаарында аял балдарынын көзүнчө өлтүрүлгөн. 18 жаштагы кыздын айтымында, муну атасы жасаган. Ал аялдын далысына бир нече жолу бычак сайып, ал өлүп жатканда инисин чакырып, документтерин жана акчасын алып кеткен. Видеодон кыздын апалап кыйкырып жатканын угууга болот. 

Анын айтымында, атасы да, тууганы да жардам берүүгө аракет кылган эмес. «Алар акырындык менен документтерди, ар кандай нерселерди чогултуп, апамдын үстүнөн таштанды сымал өтүп жатышты. Үйдөгү документтер менен акчага гана кызыгышты. Ал убакта үйдө 9 жана 16 жаштагы кыздар, 11 жаштагы эркек бир туугандар бар болчу», — деген ал.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Орусиянын Тергөө комитетинин сайты 44 жаштагы жергиликтүү тургун 43 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелип жатканын билдирди. Кылмыштын өзү 2-август күнү эртең менен Дмитров шаарындагы жеке үйлөрдүн биринде болгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, буга эркектин аялын кызганганы себеп болгон. Аял алган жараатынан улам каза болгон.