Орусияда баңгизат тараткан деген шек менен кыргызстандык кармалды

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Самарада Кыргыз жараны менен Өзбек жараны баңгизатын таратып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Орусиянын Ички иштер министрлигинин Самара облусу боюнча башкы башкармалыгынын баңгизат көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине Самара шаарынын эки тургуну Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектениши мүмкүн деген ыкчам маалымат алышкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө маалымат тастыкталды», — деп айтылат маалыматта. 

Аталган жарандар облус борборунун Киров районундагы май куюучу жайдын жанынан кармалган. Тинтүү учурунда күбөлөрдүн катышуусунда алардын биринен ак түстөгү зат алынган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган жалпы салмагы дээрлик 310 граммды түзгөн героин экени аныкталган. Кармалгандарга кылмыш иши козголду. Тергөө органдарынын өтүнүчү боюнча шектүү сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөө иштери уланууда.