Орусияда уурулукка шектелип кыргызстандык кармалды

Санкт-Петербургдун Калинин районунун полициясы батирлерден баалуу буюмдарды уурдаган шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда үч уурулук фактысы аныкталды. Анда батирлерден акча, зер буюмдар, валюталар уурдалган. Бардык учурларда кылмышкерлер үйгө терезе аркылуу киришкен. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. 12-декабрда кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар 37 жаштагы Кыргыз жараны жана Мурино шаарынан келген жергиликтүү тургун болуп чыккан.