Орусияда бөтөлкө менен сабалган кыргызстандык ооруканада көз жумду

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаран шампандын бөтөлкөсү менен сабалып каза болду. Бул тууралуу «Патрульный Петербурга» жазды.

Маалыматка караганда, 1-январда Тез жардам кызматкерлери башынан жаракат алган 24 жаштагы Кыргызстандын жаранын канааттандырарлык абалда кафеден алып кетишкен. Ал кафелге кулап түшкөнүн айткан.

Кыргызстандык 7-январда ооруканада каза болгон. Ага баш мээнин ачык жаракаты, каптал сөөгүнүн сынышы, баш мээсинин шишиги жана жыгылгандан пайда болушу мүмкүн болбогон башка жаракаттар аныкталган. Басылма белгилегендей, кылмышка шектүү жаран каза болгон күнү кармалган. 1-январда мас абалында мушташ чыгып, Петербургдун тургуну анын башына бөтөлкө менен чаап жиберген. Шектүү камакка алынган.