Орусияда бөтөлкө менен сабалып көз жумган жигиттин сөөгү мекенине жеткирилет

Санкт-Петербургда кыргызстандык 24 жаштагы жаран шампандын бөтөлкөсү менен сабалып каза болгону маалым болгон. Окуя тууралуу элчиликтен маалымат беришти.

Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы билдиргендей, 1-январда Санкт-Петербург шаарында 1998-жылы туулган Кыргыз жараны башынан жаракат алып, Санкт-Петербург шаарындагы тез жардам илимий-изилдөө институтуна келип түшкөн. Канцеляриянын алдын ала маалыматы боюнча, кафеде ичимдик ичип отурган достордун ортосунда чыр чыккан. Мас абалындагы жаңжалдын катышуучусу Кыргыз жаранын бөтөлкө менен башка чапкан, анын кесепетинен ал баш мээсинен жаракат алып, 7-январда ооруканада каза болгон. Аталган факты боюнча тергөөчүлөр тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмү «байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кийинки тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы жүк-200дү Кыргыз Республикасына жөнөтүү үчүн керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.