Орусияда чек арадан мыйзамсыз өткөн аял Бишкекте кармалды

Бишкек шаарынын аймагында милиция кызматкерлери тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2023-жылдын февраль айынан тартып Орусиянын укук коргоо органдары Ф.Т. атуу жаранды Кылмыш-жаза Кодексинин 322-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча издөө жарыялаган.

Бишкек шаарынын аймагынан өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган. 18-мартта милиция кызматкерлери жаранды кармап, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.