Орусияда дайынсыз жоголгон Кыргыз жараны башына желим баштык кийгизилген абалда табылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 45 жаштагы Кыргыз жараны дайынсыз жоголуп, кийин анын жансыз денеси Ленинград облусунун Приозерский районунан табылган. Ал кран башкаруучу болуп иштеген.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Кыргыз жаранына 17-декабрда издөө жарыяланып, ал эми 21-декабрда үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө буту байланган жана башына желим баштык кийгизилген абалда табылган.

Полиция кызматы шектүү катары 52 жаштагы жергиликтүү тургунду ошол эле күнү колго түшүргөн. Атайылап өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.