Орусияда эжесине бычак сайган кыргызстандык кармалды

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жараны кармалды. Ал эжесине бычак менен кол салган. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Окуя кечээ, 14-февралда болгон. Шектүү эжеси менен урушуп кетип, бычак менен көкүрөгүнө сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Шектүү күнөөсүн мойнуна алды.

Андан тышкары шектүү дагы, жабырлануучу дагы Орусияда мыйзамсыз жүрүшкөнү белгилүү болду.