Орусияда ири жол кырсыгы катталды. 14 Кыргыз жараны каза болду, дагы үчөөнүн жарандыгы такталууда (видео)

Бүгүн, 21-августта Орусияда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы ири жол кырсыгы катталды. Окуядан тартылган видеолор соцтармакта жарыяланууда.

Ульянов облусунун Николаев районундагы Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосундагы М-5 «Урал» автожолунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги маалымат таратты. Алдын ала маалымат боюнча, окуянын кесепетинен 16 адам каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргыз жараны, үчөөнүн жарандыгы такталып жатат, алар медициналык мекемеге жаткырылган. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуя болгон жерге барышкан.

Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульянов районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү.

Элчилик каза болгон жана жабыркаган Кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишеним телефонун уюштурду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде да +996 551 312-000 түз байланыш телефону ачылды.