Орусияда жаңжал ок атышуу менен аяктап, Кыргыз жараны ооруканага түштү

5-апрелде Орусиянын Екатеринбург шаарында эки адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташ жана ок атышуу менен аяктаган. Жабырлануучу 1994-жылы туулган Кыргыз жараны Екатеринбург шаарындагы 23-ооруканага тез арада жеткирилген. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кол салган адам кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда полиция кызматкерлери ок аткан адамды табуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Башкы консулдуктун кызматкерлери ошол эле күнү жабырлануучуга барышып, жакындары менен байланыш түзүштү, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жарандын абалы туруктуу жана жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарылышы күтүлүүдө.