Үйлөнөм деп, чогуу жатып, карыз сурап… Орусияда кыздарды алдап жүргөн Кыргыз жараны кармалды

Москвада 23 жаштагы кыргызстандык жигит алдамчылыкка шектелип жатканын Орусиянын Mash-Telegram каналы жарыялады. Маалыматка караганда, ал жердеш кыздарды алдап жүргөн. Аларга үйлөнүүнү убада кылып, кыздыгынан ажыратып, кийин алардан карызга акча алган.

22 жаштагы сатуучу кыз Нурисламга (ал өзүн ошентип тааныштырган) каршы полицияга кайрылган. Кыздын айтымында, эки ай мурун таанышып, мейманканада чогуу түнөшкөн. Ошол эле учурда жигит банк картасын унутуп калганын айткандыктан, кыргызстандык кыз баарын өзү төлөгөн. 

Нурислам кыздын артынан калбай, үйүнүн жанында күтүп, кыздан акча сурай берген. Бир күнү ал үйдүн кире беришине уктап калган. Кыз анын телефонун алып, өзүнө окшогон көп кыздар бар экенин, ар кимге ар кайсы атты айтып таанышканын көргөндөн кийин экөө урушуп кеткен. Кыз уктоочу дары ичип, өзүн өлтүрмөкчү болгон. Бирок ал оюнан кайткан. Бир нече убакыттан кийин экөө кайра жолугуп, түн өткөрүшкөн соң, кыз Нурисламга каршы арыз жазып, полиция аны кармаган.