Орусияда жол кырсык катталып, кыргызстандык көз жумду

Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык аял жол кырсыгынан каза болду. Дагы төрт киши жаракат алды. Маалым болгондой, жол кырсыгы 29-мартта Челябинск-Троицк жолунун 93-чакырымында болгон.

Окуя болгон жерге барган мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкерлери 1978-жылы туулган Кыргыз жараны Тойота үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыга калганын, кесепетинен Газель унаасы менен сүзүшкөнүн аныкташкан. Кырсыктын кесепетинен 50 жаштагы Кыргыз жараны алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон. Тойота унаасынын дагы төрт жүргүнчүсү, ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, медициналык мекемеге жеткирилген.