Орусияда жол кырсыкка кабылган кыргызстандыктын апасы жардам сурады

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Орусияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык А.А.Ж.нын апасы кайрылып, жардам керек болуп жатканын айтты. Анын айтымында, уулу 23-августта Владивосток шаарынан Москва шаарына бара жатып жол кырсыгына кабылган.

«Уулум 23-августта Владивосток шаарынан Москва шаарына фурага жеңил унааларды жүктөп бара жатып, Новосибирск жана Омск шаарынын ортосунда кырсыкка учураган. Уулум алдында келе жаткан дагы бир фураны сүзгөн. Андагы жаран каза болгон. Азыр уулум эки шаардын ортосундагы ооруканада жатат. Операция да болду. Жол кырсыгына уулум күнөөлүү болуп жатат. Жаан жаап тайгаланып, унаанын арты тартып кетип, алдындагы фураны сүзүп кеткен экен. Биз Токмокто турабыз, балама жактоочу жалдап, ошол жакка барганга каражат жок болуп жатат», — деди коомчулуктан жардам сураган апа.

Редакцияга Тышкы иштер министрлигинен окуя боюнча маалымат беришти.

«23-августта Орусиянын Новосибирск облусунун Чаны аймагында Кыргыз жараны жол кырсыкка кабылган. Кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо максатында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Орусиянын Новосибирск облусунун Чаны аймагынын полиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен байланышты. Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, Кыргыз жаранына карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси менен кылмыш иши козголгондугу белгилүү болду. Учурда жаран ооруканага жаткырылып, тиешелүү медициналык жардамдарды алууда», — дешти.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номур: 0700 241 162.