Орусияда жол кырсыктагы адам өлүмү боюнча кыргызстандык жигит кармалды

Орусиянын Ленинград облусунун Всеволожск районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына күнөөлүү делген адам кармалды. Бул тууралуу Fontanka басылмасы жазып чыкты.

Кылмышка шектүү кыргызстандык 27 жаштагы таксист. Негизги версия боюнча, Шкода Рапид таксисинин айдоочусу жол чырак жашыл күйгөндө бурулуп, бирок жашылга өтүп бара жаткан KIA Sorento унаасын өткөрүп жиберген эмес. KIA үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдогу тосмого урунуп, оодарылып, айдоочусу каза болгон.

Всеволожск районунун милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жол эрежесин бузуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.