Орусияда жол кырсыктан 4 кыргызстандык жабыркаган. Экөөнүн абалы оор

Саратовго жакын жердеги жол кырсыктан төрт кыргызстандык жабыркады. Экөөнүн абалы оор. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Олег Костин өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы журналисттерге билдиргендей, саат 19:55те Дергачев районунун Демьяс айылына жакын жердеги жолдо 1981-жылы туулган айдоочунун Тойота Альфард үлгүсүндөгү унаасы оодарып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана үч жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

«Жабыркаган төртөө тең Кыргыз жарандары. 50 жаштар чамасындагы белгисиз аялдын абалы оор, Болжол менен 55 жаштагы аял кишинин да абалы оор. Дагы эки жабырлануучунун абалы орточо оор», — деп жазган Олег Костин.