Орусияда жол тескөөчүгө пара берүүгө аракет кылган кыргызстандык 1 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Орусиядагы Самара-Оренбург унаа жолунда жол тескөөчүлөр Кыргыз жараны айдап бара жаткан оор жүк ташуучу унааны токтотушкан. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын сайтында маалымдалды.

Кыргыз жараны жол эрежесин бузганы үчүн инспекторго 1 миң рубль берүүгө аракет кылган. Жол кайгуул кызматынын инспектору акчаны алуудан баш тартып, тергөө тобун чакырган. Бул факты боюнча “майда пара берүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Санкцияда бир жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.